Айчүрөк Иманалиева: Аргенимден айрылганыма 40 күндөн ашты, эстелик тургуздук
RU

Айчүрөк Иманалиева: Аргенимден айрылганыма 40 күндөн ашты, эстелик тургуздук

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева уулу Аргенден айрылганына 40 күндөн ашты. Ырчы тун баласынын бейитине эстелик тургузганын, жашоо уланганы менен уулунун орду бош экенин жазып чыткы.

Тирүү адамдын күнү өтө берет экен. Аргенимден айрылганыма 40 күндөн ашты. Кыркын өткөрүп, бейит башына эстелигин орноттук...

Тогуз ай курсагыңда, буту баскыча колуңда, анан өмүр бою жүрөгүңдө көтөргөн баладан айрылууну эч бир эненин башына салбасын. Мени эне кылган, энелик сезимди, жоопкерчиликти тааныткан тунум - Аргеним эле... Качан болбосун мен ага улуу уулум катары таянчумун. "Апа, мен үчүн сизден өткөн жакшы адам жок" деп эркелеп калчу. Өзүм бала кезде балалуу болгонгоб, Аргеним баламдын, бир тууганымдын, досумдун да ордунда болчу. Өлгөндүн артынан кошо өлө албайт экенбиз. Жашоо уланып жатат, баламдын гана орду бош.

Белгилей кетсек, ырчынын уулу 21-июнга караган түнү инфаркттан улам каза болгон. 22-июнда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7775