Ысык-Көлгө саякаттап келген туристтер 6 саат тыгында калышкан
RU

Ысык-Көлгө саякаттап келген туристтер 6 саат тыгында калышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франциядан келген туристтер унаасы менен Ысык-Көлдүн Ара-Бел өрөөнүндө сууга тыгылып калышкан. Аларга кайгуул кызматын жүргүзгөн туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жардам беришкен.

Ысык-Көл ОИИБден Kaktus.kg`ге маалымдашкандай, окуя 29-июлда болгон. Франциядан келген жубайлар Абдулла жана Фатима жол тандабас менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн.

Алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көрүү үчүн суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда унаа тыгылып калган. Туристтер ал жерде дээрлик 6 саат туруп, үшүп калышкан.

Милиция кызматкерлери туристтерге жардам беришип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чыгарып коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7726