Интернет жылдызы Бегимай Турусбекова стили тууралуу: Апалардын сөзүн угам
RU

Интернет жылдызы Бегимай Турусбекова стили тууралуу: Апалардын сөзүн угам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Ынтымак-2 паркында ырдагандан кийин жылдызы жанган Бегимай Турусбекова көпчүлүктү кызыктырган суроого жооп берип, чекит койду. Тагыраагы, аны сахнага чыкканда жоолугу жок көргүсү келгендерге Бегимай айым мындай деп жооп берди.

Бегимай Турусбекова эптеп эле пикке (ийгиликтин чокусу тууралуу сөз болуп жаткан) жетип алыш керек, ага жеткенден кийин "мен жылдызмын" дейт деши мүмкүн. Жок, мен андай эмесмин, андай кылбайм. Кудай буюрса, ошол ийгиликке жетели. Ошол учурда апалар "Бегимай, эми мындай образда чык, имиджиңди өзгөрт, жасан" десе албетте, алардын ою менен эсептешем. Мен азыр улуулардын сөзүн угуп жоолукчан эле чыгам.

Бегимай Турусбекова Kaktus.kg сайтына маек куруп, сентябрь айында жаңы ырларынын бет ачарын жасай турганын, алдыда стилист менен иштеше турганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7783