Аскердин огунан жаракат алган баланын окуясы. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы айтылды
RU

Аскердин огунан жаракат алган баланын окуясы. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 8 жаштагы бала аскер кызматкеринин огунан жаракат алып ооруканага түшкөн. УКМКнын Чек ара кызматы жоокердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, алдын ала жыйынтыгын айтты.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, катардагы жоокер К.Ж., чек ара отрядынын курамында болуп, Куралдуу күчтөрдүн уставынын талаптарын бузуу менен жакын жерде ойноп жүргөн балдардын куралды алуусуна (атайылап эмес) жол берген. Балдардын бири куралды алып экинчисин атып алган. Анын кесепетинен 8 жаштагы А.С. жаракат алган.

Буга чейин 8 жаштагы баланын курсагынан кирген ок белинен чыкканын, ага опеарция жасалганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкан. Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан окуучуга аскер кызматкери ок атканын тастыкташкан болчу. Кийинчерээк Чек ара кызматы жоокер кокусунан ок атып алганын маалымдаган. Ал эми Башкы прокуратура жоокер алаксый түшкөндө балдардын бири экинчисин атып алган деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7817