"Байкуш эмесмин" дешкен. Ырчы Анжелика "Бактылуу айым" долбоорун эмнеге жапканын айтты
RU

"Байкуш эмесмин" дешкен. Ырчы Анжелика "Бактылуу айым" долбоорун эмнеге жапканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика автордук "Бактылуу айым" долбоорун эмнеге жапканын, ага эмне себеп болгонун айтты. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, учурда жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Автордук "Бактылуу айым" реалити-долбоорума 500дөн ашуун айым каарман болгон. Ар бир чыгарылышта алардын тагдырын көрсөтүп, кыялдарын орундатканга бардык күчүмдү жумшагам. Жалгыз бой энелерге абдан көп жардам болду. Долбоордун максаты позитив тартуулап, айымдарга болгон сый-урматты даңазалоо эле. Кийин мен "Бактылуу айымга" катышчу деңгээлге чейин байкуш эмесмин" деп кээ бир катышуучулар баш тартканда, долбоордун максаты бир аз туура эмес нукка түшкөнүн байкап, жаптым. Бирок азыркы күнгө чейин, көптөгөн инсандарга жасаган ишим үлгү боло алды деп эсептейм.

Азыр туризмди өнүктүрүп, энелерди даңктап, өсүп келе жаткан жаштарга тарбия берип, ата-эне, бала маселесине басым жасап "Асыл энем" долбоорун жазып чыктым.

Белгилей кетсек, "Бактылуу айым" долбоору 5 жыл иштеп, берүүлөр КТРКдан көрсөтүлчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7845