Токтогулда медициналык борбордун башкы эсепчиси кармалды
RU

Токтогулда медициналык борбордун башкы эсепчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул райондук жалпы дарыгердик практика борборунун башкы эсепчиси кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эсепчи тендерден уткан жарандан акча талап кылган.

Белгилүү болгондой, май айында аталган медициналык борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, Н.Т.О. аттуу жаран жеңүүчү деп табылган.

Токтогул райондук жалпы дарыгердик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштер боюнча отчёт берилсе дагы ал 24 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган. 9-августта башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатканын кошумчалашты комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7852