Төкмө акындар Хабиб Нурмагомедов менен Хасбикке орусча ырдап беришти. Видео
RU

Төкмө акындар Хабиб Нурмагомедов менен Хасбикке орусча ырдап беришти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFCнин мурунку чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен "Хасбик" деген каймана ат менен белгилүү болгон блогер Хасбулла Магомедовго төкмө акындар орусча ыр төгүштү. Андагы видеону төкмө Баян Акматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Төкмөлөр Баян Акматов менен Кубат Тукешов алгач кыргыз тилинде андан кийин орус тилинде ырдашты. Төкмөлөрдү уюштуруучулар атайын чакырышкан.

"Конок пейил кыргызбыз да. Орусча кошпосок укпайт эле. Эмкиси англисче... Биздин айтышта орусча кошпогула деген талап бар. Менимче катачылык. Алтымыш тилде ырдай алсаң кана? Чиркиндики.

Хабибдин мушташына суктанбайм деле, болгону адептүүлүгүнө баа берем. Биз эл шайырлары, кааласак ханга насаатчыбыз, кай бирде кайырчыдан насаат угабыз", - дейт Акматов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7853