Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат бар экени айтылды
RU

Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат бар экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба бар делинип, ичиндегилер эвакуацияланды. Учурда аталган борбордо жардыруучу зат бар же жок экендиги такталууда.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамасында белгисиз адамдар тарабынан Asia Mall`до бомба бар деген билдирүү түшкөн.

Жерине милициянын ыкчам тобу, УКМКнын кызматкерлери барышып, соода борбор курчоого алынды. Ичиндегилер коопсуз жайга чыгарылды. Учурда жардыруучу затты издөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7867