Asia Mall`догу бомба. Жеке ишкердин унаасынын алдынан граната табылды
RU

Asia Mall`догу бомба. Жеке ишкердин унаасынын алдынан граната табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба бар экени кабарланган. Кийинчерээк аталган соода борборуна барган жеке ишкердин унаасынын астынан граната табылганы маалым болду. Бул туурасында ишкер Илгиз Шаменов өзү журналисттерге билдирди.

"Asia Mall супермаркетке кирели деп унааны ал жактагы унаа жуучу жайга киргизгенбиз. Жууп атканда алдынан зым салаңдап калганын көрүшүптүр. Эмне зым деп айдоочумду жиберсем алдында граната бар экен. Ошол замат милиция чакырттык", - деди ал.

Табылган жардыруучу зат боюнча милиция расмий маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7868