Мөөнөтү өтсө да жаза алат. Балдарга карата зомбулук жасагандардын жазасы күчөтүлөт
RU

Мөөнөтү өтсө да жаза алат. Балдарга карата зомбулук жасагандардын жазасы күчөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдарга карата зомбулук жасагандардын жазасынын мөөнөтү жана айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт. Мындай мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы майзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандар жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү эскирген болсо же психикалык ооруга чалдыккандыгына карабай жоопкерчиликке тартылат.

Эскерте кетсек, мурун эгерде кылмышкердин кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнү аткарылбай эскирип же ал психикалык ооруга чалдыгып калса жоопкерчидикке тартылбайт болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7882