Быйыл мектеп формасы кандай болот? Ата-энелерге кулак-кагыш
RU

Быйыл мектеп формасы кандай болот? Ата-энелерге кулак-кагыш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат. Балдарын мектепке даярдап жаткан ата-энелер Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын катышуусундагы брифингде мектеп формасы кандай болорун сурашты.

"Быйыл мектеп формасы эркин болот. Тагыраагы, адаттагыдай эле стандарттуу форма - ак жана кара түстө. Атайын деле форма болбойт", - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге окуучулардын мектеп формасы классикалык болорун айткан. Ал эми депутаттар бирдиктүү мектеп фомасын киргизүүнү сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7884