Тасма тартуу үчүн арабиялык блогерлер Кыргызстанга келишти
RU

Тасма тартуу үчүн арабиялык блогерлер Кыргызстанга келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга күлкү жаратуучу, блогерлер келишти. Алар Кыргызстандын жаратылышы менен таанышып, тасма тартуу үчүн аянт издеп жатышканын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришет.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын коноктору борбордо жана анын чет жакаларында бир гана күн болушуп, кыргыз элинин меймандостугун, жана ачыктыгын байкай алышты. Алар Чуңкурчакка барышып, боз үйдө түнөп, жергиликтүү тамак-аштарды татып көрүштү. Коноктор бир ооздон эттин даамы өзгөчө экенин белгилешкен.

Кинорежиссёр жана куудул Ахмед Сайф көптөгөн өлкөлөрдү кыдырууга жетишкени менен дүйнөнүн эч бир жеринде мындай табиятты көрбөгөнүн айтат. Дагы бир блогер Омар Хасан Кыргызстанды Грузия менен салыштырып, мындай тоолорду эч жерден көрбөгөнүн баса белгиледи. Ал эми Абдалла Халед аттуу блогер Кыргызстанда калып, жашагысы келгенин билдирди.

Бүгүн арабдар Бурана мунарасында болуп, Ысык-Көлдө сүзүп, Каркырага барууну пландашты. Ошондой эле алар петроглифтер музейин, Рух-Ордону көрүп, яхтада эртең мененки тамактанууну ниет кылышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7885