Илим Карыпбеков: Жамандап, шыбап жатабыз, Хабиб "буларың ит экен" дебейби?
RU

Илим Карыпбеков: Жамандап, шыбап жатабыз, Хабиб "буларың ит экен" дебейби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Илим Карыпбеков UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун Кыргызстанга келиши, ага сый көрсөтүп тосуп алуу боюнча пикирин айтып чыкты. Ал мушкерге карата жаман сөз айтпоого чакырат. Айтымында, Хабиб Нурмагомедов айтылган пикирлердин барын окуйт.

"Балакеттин барын айтып, жазып, шыбап жатабыз. Эй туугандар, аны окуп жатат да. Кыргыздар акыркы тамагын мейманына берген. Хабиб көчөдөн келе калган бирөө эмес. Аны биздикилер атайын чакырышты да. Кеп Хабибде эмес, кеп биздин акмактарда. Биз маселени туура коюшубуз керек, биздин спортчуларды дагы Хабибдей кылып тосуп алалы деп. Хабибдин уюму менен иштешип жатыптырсыңар, ал бизге келип жатыптыр мунуңар жакшы. Бирок акмактар, биздин спортчуларды Хабибден да барктай билели, колдо бар алтынды баалай билели."

Ошондой эле мушкерди тосуп алгандарга кайрылып, тизгинди бир аз тартуу керек дейт.

"Мейманды тосуп аларда алдын ала сценарий түзүлөт да. Аны менен таанышып жатканда укмуш болуп баратса "мындан ашырбайлы" деш керек. Биздин спортчуларыбызды тосуп алуунун деңгээлинен ашырбайлы, болсо тең болсун десе болмок. Элиме да кайрылам, жамандабайлычы. Хабиб деле окуп алып "буларың ит экен", көрө албастык кылып жатат деп ойлоп калат".

Белгилей кетсек, "Кыргыз почтасы" UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго арналган марка чыгарды. Бул окуядан кийин "Кыргыз почтасына" көпчүлүк нааразычылыктарын айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7888