Баасы 5 миң долларды чапчыйт. Президенттин кардиганы көзгө илинди
RU

Баасы 5 миң долларды чапчыйт. Президенттин кардиганы көзгө илинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы алынган атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров 5 миң долларды түзгөн кардиган кийип барды. Интернет колдонуучулар өлкө башчынын сырт кийими кашемир кездемеден тигилгенин дароо байкашкан.

Белгилүү болгондой, бул кардиган италиялык белгилүү Ermenegildo Zegna брендине таандык. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында мындай кардиган Москвадагы ЦУМда гана сатылат. Аны издөөдө бардык жыйынтыктар Москванын борбордук универмагынын сайтына чыгат. ЦУМ веб-сайтында ардигандын баасы 300 миң рублга бааланган, бул болжол менен 5 миң долларды түзөт.

Эске салсак, өлкө башчынын сырт кийимдери буга чейин да талкуу жараткан. Алсак ушул жылдын июнь айынын аягында Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине барганда MOORER италиялык брендине таандык күрмө кийип барган. Күрмөнүн баасы 1000 евро.

Май айында айт намазга баасы миң евродон жогору болгон күрмөчөн барган.

Март айында Желек күнүн майрамдоодо Садыр Жапаров 4 миң долларлык жибек жана кашемир пальтосун кийген.

2021-жылы күзүндө Садыр Жапаров базардагы сатуучулар менен жолугушууга 6 миң долларлык күрмөчөн барган.

Ошол эле жылдын август айында Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусуна 10 миң 500 долларлык Stefano Ricci брендинин костюму менен барган. Интернетте президент менен анын жубайынын 105 миң сомдон ашык турган лыжа костюмдары да талкууланган.

Ал эми 2020-жылдын октябрь айынын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Жапаровдун жилети Kiton фирмасыныкы байкашкан, анын баасы 3000 долларга бааланган. Ал анда президенттин милдетин аткаруучу болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7912