Маданият, искусство жана адабият кызматкерлери алтын медаль менен сыйланышты
RU

Маданият, искусство жана адабият кызматкерлери алтын медаль менен сыйланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир катар маданият, искусство жана адабият кызматкерлери алтын медаль менен сыйланышты. Мындай сыйлык ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун секретариаты тарабынан ыйгарылганын Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти.

Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуркан Турсунбаев, эл артисти жана котормочу Жипариса Көчөрбаева, эмгек сиңирген артист, режиссёр-коюучу Назым Мендебаиров, актёр Эржан Осмонов жана актриса Гүлнара Сатарова сыйланышты.

Аларга бул сыйлык Мухтар Ауэзовдун "Еңлик-Кебек" спектаклин сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн ыйгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7915