Алтын Капалованын балдарына өз атын берүү боюнча сот процесси кийинкиге жылдырылды
RU

Алтын Капалованын балдарына өз атын берүү боюнча сот процесси кийинкиге жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-февралда, жазуучу жана жарандык активист Алтын Капалованын сот процесси башталышы керек болчу. Бирок, жыйын 4-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Капалова өзү билдирди.

Анын айтымында, судья семинарда болгон үчүн сот кийинкиге жылды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган, башкача айтканда "отчество" эмес, "матчествосун" жаздырганы үчүн Алтын Капалованы сотко берген.

Бул туурасында Капалова балдарына өз атын бергендиги үчүн сотко берип жатышат деп билдирди. "Мисалы, кичүү кызым төрөлгөндө, атасынын аты жазыла турган жерге асмандан бир атты алып эле жаздырып койгом, мен ал жерге өзүмдүн каймана атымды жаздыргам, ал кезде бул факт эч кимди ойлондурган эмес. Азыр болсо, балдарыма өз атымды бергеним үчүн мени соттоп жатышат", - деп Капалова айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/792