Россиялык альпинисттин жансыз денеси тоодон табылды
RU

Россиялык альпинисттин жансыз денеси тоодон табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдөгү "Ала-Арча" эс алуу жайынан анча алыс эмес жердеги тоодон россиялык альпинисттин жансыз денеси табылды. Маалыматты Kaktus.media`га облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө альпинисттин сөөгү 15-августта аныкталганы айтылат. Анда россиялык кесипкөй альпинист 32 жаштагы шеригинин жансыз денесин тоодон тапкан. Маркумдун сөөгү бүгүн, 16-августта Ак-Суу тоосунан түшүрүлдү. Окуя боюнча жеринде ыкчам тергөө тобу иш алып барып жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7932