Баасы 45 миллион сомду түзөт. Кыргызстанга баңгизат ташыган чет элдик жаран кармалды
RU

Баасы 45 миллион сомду түзөт. Кыргызстанга баңгизат ташыган чет элдик жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иранда өндүрүлгөн бангизатты ири өлчөмдө Кыргызстанга ташыган деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Анын жанынан 10 килограмм салмактагы метамфетамин алынган дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Маалыматта баңгизат Афганистан, Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилгени айтылат.

8-августта Бишкек шаарынын Ш.Руставели көчөсүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин каражаты алынга. Анын жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн. Метамфетамин "базардагы" баасы 1 граммы 4500 сомду түзөт. Алынган баңгизаттын жалпы суммасы 45 миллион сомду түзөт, ал эми Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң доллардан ашат.

Бул факт боюнча Иран Ислам Республикасынын Урмия шаарынын Ф. К. Д. аттуу тургуну кармалды. Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7952