Токтогулда милициянын инспектору мамлекеттик кызматтын жетекчисин өлтүрө сүздү
RU

Токтогулда милициянын инспектору мамлекеттик кызматтын жетекчисин өлтүрө сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулда аймактык милициянын инспектору жөө адамды сүзүп, 100 метрден ашык аралыкка сүйрөп кеткен. Кырсыктын кесепетинен райондук кадастр кызматынын жетекчиси каза болгонун Kaktus.media`га укук коргоо органдарынан билдиришти.

Окуя 17-августта түндө катталганы маалым болду. Анда милициянын инспектору Бишкек - Ош жолунда Лада-2113 унаасы менен барып жатып жөө адамды сүзүп, бир канча метрге чейин сүйрөп кеткен. Андан кийин каршы тилкедеги Scania жүк ташуучу унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жөө адам каза болду. Ал 1964-жылы туулган Н.Б., Токтогул райондук кадастр кызматынын жетекчиси экени такталды. Маркумдун артында 4 баласы калды.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу Токтогул аймактык ооруканасына жеткирилди. Алдын ала маалыматтар боюнча анын канынан спирт табылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7958