Жыгылып түшкөн. Ошто кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду
RU

Жыгылып түшкөн. Ошто кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө жоокердин өлүмү катталды. Маалыматты Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Аталган аскердик бөлүктүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-августта эртең мененки саат 05:00 чамасында аскер бөлүктүн өткөрмө пунктунда турган М. уулу А. ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагылар аскер бөлүктүн медициналык пунктка алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насиров менен жолугуп сүйлөштү. Ал каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирди. Соттук медициналык-биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдады.

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү жоокер медициналык картанын жана башка армияга чакырууга тиешелүү болгон иш-кагаздардын негизинде алынгандыгын билдирген.

Аскер бөлүктүн командири жоокер 1 айдан кийин кызматын өтөп бүтөрүн, 2 күн мурда ата-энеси келип кеткендигин айткан. Акыйкатчы маркумдун ата-энесине да жолугуп юридикалык жардам берүүнү сунуштады.

Бул окуя боюнча акыйкатчынын өкүлү тарабынан чогултулган бардык материалдар мекемелер аралык жумушчу топто иликтенет. Жумушчу топто Атыр Абдрахматова, Альберт Колопов, Аскат Азарбеков, Шамбет Касымов бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7959