Чүйдө аялын сабаган киши Россияга качууга аракет кылды
RU

Чүйдө аялын сабаган киши Россияга качууга аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө аялын сабаганга шектүү чет өлкөгө качууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлдү. Маалыматты Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Анда 16-августта денесинен жаракат алган 28 жаштагы келин Улуттук госпиталга кайрылганы айтылат.

Ал 15-августта Сокулук районунда күйөөсү ур-тепкиге алганын айтып, арыз менен кайрылган. Келиндин денесинен алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7962