Таласта аялын өлтүрдү делген милициянын иши. Сот отурумдары эмнеге жылдырылганы айтылды
RU

Таласта аялын өлтүрдү делген милициянын иши. Сот отурумдары эмнеге жылдырылганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта облустук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматкери аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Окуя катталгандан бери 8 ай өтсө дагы сот ишти жылдырып жатыптыр. Бул туурасында жабырлануучу тарап айтып, нааразы болууда.

Талас облустук сотунун маалымат кызматынан соттук отурум эмнеге жылдырылып жатканын Kaktus.kg сайтына түшүндүрүштү.

"Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталган Ж.А.К`нын кылмыш ишин кароо 18-майда Талас шаардык сотуна түшкөн. 27-майда алдын ала угуу болуп, анда айыпталуучунун жактоочусу айыптоодон кээ бир далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Бирок судья өтүнүчтү канааттандырган эмес. Бул соттук акты Талас облустук сотуна даттанылган. Биринчи инстанциядагы соттун токтому өзгөртүүсүз калтырылган".

Талас шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн иш күбөлөрдүн келбей жатканына байлнашытуу жылдырылып жатканы маалым болду.

"Кылмыш иши Талас шаардык сотуна 14-июнда кайра кароого жөнөтүлгөн. 29-июндагы соттук отурумга кээ бир күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу соттук отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган. 16-августта айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылып, сот тарабынан канаттандырылган. Соттук отурум 22-августка жылдырылган", - дешет маалымат кызматынан.

Окуя 2021-жылы 29-декабрда болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү материалдар 18-майда соттун кароосуна жиберилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7973