Балбак Түлөбаев "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээсинин кармалышын трагедия деди
RU

Балбак Түлөбаев "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээсинин кармалышын трагедия деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК курал-жарак, ок-жары, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн деген шек менен "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси кармалганын кабарлады. Маалымат тарагандан көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ишкердин кармалышына бийлик жана аткаминерлер күнөөлүү деди.

Ал мындай пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Журат Абдуллаевдин кармалышы - трагедия. Бизнесмендин же Кыргызстанда бизнес кылуунун абалы ушундай. 30 жылдагы саясий акыбал, өлкөдөгү акыбал ушинтип бизнесменди тишине чейин куралданууга, мыйзамсыз иштерге түрттү. Муну ким кылды? Саясий бийлик, биз, аткаминерлер кылдык. Ар бир шайлоодо чакырып "акча" сурап, жумушчуларын шайлоого айдап жаттык... Журат Токмокто Гаваи эс алуу борборун салган бизнесмен. Журат камалганга эмес мактоого, орденге арзыйт. Албетте, бул менин жеке адамдык пикирим. Журатты такыр тааныбайм. Чай ичип отурган да эмесмин. Өлкөдө бизнести "перезагрузка" кылып жатасыңар. Жаңы келгени алып кете алар бекен? Бир башына өлүмдү да көргөн бизнесменди чакырып "өлкөгө иште, мындан ары туура жолго бар" десеңер ишенип койгула пайдасы милллион болот"

Балбак Түлөбаев элдик толкундоолор болгон сайын ишкерлер зыянга учурап келерин, алардын зыянын эч ким толуктабайт дейт.

"Ар бир толкундоолордо үйүн өрттөп, бизнесин өрттөп, балдары өрттүн ичинде чаркырап, чырылдап ыйлап жатса анан эмне кылат бизесмен? Мамлекет же ошол эскинин ордуна келген жаңысы өрттөлгөндү толуктап, өлгөндү тирилтип берип жатабы? Чакырып "болду кой эми, мурункудай иштебе, өлкөгө таза, түз иште" десе сүйүнүп кетет. Койгула эл жакшылары сөзгө келгиле. Өлкөнү карачы, чоң бизнестин баары араң дем алып, ээлери оорукчан болуп калды. Булар бюджет толуктаган бизнестер, бери дегенде эле ар биринде 5 миң киши иштейт. Бизнеске жаңы багыт, жаңы саясат, жаңы мамиле керек. Отурган бутакты кеспегиле", - деп жазат депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7985