Кызматкерлери туристтерге даараткана тазалаткан кафенин жетекчиси кечирим сурады
RU

Кызматкерлери туристтерге даараткана тазалаткан кафенин жетекчиси кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтерге кафе кызматкерлери даараткана тазалатып, кол көтөргөн. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилкан (Jodar Saidilkhan) баракчасына жазып чыккан.

Маалымат жарыялангандан кийин Турзим департаментинин директору жана министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси дароо реакция кылышты. Жоодар Сайдилкандын айтымында, баары жакшы аяктап, туристтер Кыргызстанга дагы келүүгө ниеттерин билдиришкен.

"Туристтердин жанына барып өлкөбүздүн атынан кечирим сурап, белек тапшырып, меймандардын көңүлүн алган Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Тимур Эркинов жана Туризм департаментинин директору Самат Шатмановго алкыш. Алар мындай окуя кайталанбашы үчүн чара көрүлөрүн да белгилешти. Ал эми "Веранда" кафесинин жетекчиси да туристтерден жеке өзү кечирим сурады. Коноктор Кыргызстандын табиятына айраң калышканын, болуп өткөн окуяны унутуп Кыргызстанга дагы бир жолу келүүнү каалашканын, башкаларга да сунуштай турганын айтышты", - дейт ал.

Жогорудагы окуя боюнча Биринчи Май РИИБи текшерүү иштери башталганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8026