Россиядагы кырсык. Кыргыз жарандарынын сөөгү жүктөлгөн учак Ошко учту
RU

Россиядагы кырсык. Кыргыз жарандарынын сөөгү жүктөлгөн учак Ошко учту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, Бишкек убактысы боюнча саат 11:10дө Кыргызстанга учуп чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, маркумдардын сөөгү 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.

Ульянов шаарында Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Россиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы жетекчилиги менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8040