Орус драма театрына жаңы жетекчи дайындалды
RU

Орус драма театрына жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору болуп Сергей Бардаков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 23-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Азамат Жаманкулов тааныштырып, алдыда жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү. Анын катарында аталган театрдын ремонт иштери приоритеттүү экендигин белгиледи.

Аталган театрды буга чейин Евгений Кузнецов 4 жыл жетектеген. Ал ээлеген кызматынан бошотулуп, директорлук орунга сынак жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8050