Лифтке кыпчылып каза болгон кишинин окуясы. Жабырлануучу тарап президентке кайрылды
RU

Лифтке кыпчылып каза болгон кишинин окуясы. Жабырлануучу тарап президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын январь айында Бишкек шаарындагы Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза болгон. Бүгүнкү күндө окуя боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканын, ишти үй-бүлөлүк зомбулук катары көрсөтүү аракеттери болуп жатканын маркумдун агасы Нематилла Арстанбеков билдирди.

Ал 11-январда иниси лифтке кирип бара жатканда кыпчылып каза болгонун баса белгиледи.

"Иним коляска менен лифтке кирип бара жатканда көкүрөгү, моюну менен кыпчылып калган. Ошол учурда лифт эмнегедир астыңкы эмес үстүңкү кабатка көтөрүлүп кеткен. Анын кесепетинен иниме аба жетпей, 4 кабыргасы сынып каза тапкан", - дейт ал.

Келини ошол үйдүн жашоочуларын жардамга чакырган. Андан тышкары "Тез жардам" кызматы, куткаруучулар чакырылган.

"Көп кабаттуу үйдүн электриги иш ордунда болгон эмес, ал эми лифт кызматкери эч нерсе кыла албай койгон. Жарым саат, бир саат дегенде электрикти таап келишет. Бирок алар келгенге чейин кол менен лифтти түшүрүп, инимдин сөөгүн алып кетүүгө үлгүрүшкөн", - деп түшүндүрдү маркумдун бир тууганы.

Ал милиция кызматкерлеринен лифттин коопсуз иштешине жооптуу адамдар, дегеле бул ишке күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышы үчүн материалдар туура толтурулушун суранган. Бирок суранычы канааттандырылбаганын белгилейт.

"Лифттин эшигин дароо эле жаап коюшкан эмес. Окуя күндүз саат 10 жарымда болгон, биз кечинде келсек деле эшикке мөөр басылбаптыр. Биз келгенче лифттин көп нерсесин оңдоп коюшу мүмкүн да өздөрүн акташ үчүн. Башында арызды милиция кабыл албай жатып анан алды. Биз объективдүү тергөөнү сурандык. Бирок эки айдан кийин ушул ишти карап жаткан тергөөчү пара алуу менен кармалганын, иш башкага өткөнүн билдик. Ал да ишти аягына чыгарбай, материалдар башка тергөөчүгө өткөрүлүп берилгенин уктук. Жыйынтыгында иш сотко өткөн бирок бизди тааныштырбай коюшкан", - дейт.

Арстанбеков белгилегендей, милиция биринчи күндөн тартып эле анын инисинин өлүмү лифттен тышкары факторлордон, зордук-зомбулуктан улам болгон дегенге аракет жасашкан.

"Кайдагы зордук-зомбулук, инимдин денеси төртүнчү жана бешинчи кабаттын ортосунда илинип турса?! Сотто Кубаныч Арстанбековдун өлүмү лифттин сыртында болгон, күнөөлүү тарап жок деген комиссиянын корутундусун билдик. Мындай тыянак бизди таң калтырды, - деди Арстанбеков ачууланып.

Бул окуя боюнча Арстанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылган. Иш прокуратурага, прокуратурадан кайра милицияга жөнөтүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин күнөөлүүлөр аныкталган эмес. Бул ирет да маркумдун агасы президентке кайрылып дыкат териштирүү жүргүзүп, ишти көзөмөлгө алууну суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8061