Белгилүү адамдарга таандык резиденциядагы дачаларды кайра мамлекетке кайтаруу сунушталууда
RU

Белгилүү адамдарга таандык резиденциядагы дачаларды кайра мамлекетке кайтаруу сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик резиденциядан Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарына берилген дачаларды кайра мамлекетке кайтаруу керек. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

"Ала-Арча" резиденциясынын аймагындагы төрт дача Кыргыз ССРин башкарган Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, улуттук коопсуздукту тескеген генерал Анарбек Бакаев жана жазуучу Чыңгыз Айтматовго өмүр бою пайдаланууга, кийин жеке менчикке берилгени жазылган.

Ал жерде азыр белгилүү адамдардын туугандары жашаса, айрымдары башка бирөөөгө сатып жиберишкен.

Ал эми Чолпон-Атадагы резиденцияда Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиевдин жубайына таандык эки дача бар.

"Өзгөчө мааниге ээ объектинин аймагында жайгашкан мүлктү жеке жактарга сатууга жол бербеш керек. Резиденция жогорку кызмат адамдарынын убактылуу гана жашоосуна арналгандыгын эске алуу керек. Мындан улам дачаларды жер тилкеси менен мамлекетке кайра кайтаруу керек", - деп сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8063