Исхак Масалиев атасынын резиденциядагы дачасын улутташтыруу демилгесине реакция жасады
RU

Исхак Масалиев атасынын резиденциядагы дачасын улутташтыруу демилгесине реакция жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн депутат Жеңишбек Токторбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда жайгашкан жана мурда Абсамат Масалиевге таандык болгон дачаны кайра мамлекетке өткөрүп берүүнү демилгелеген. Бул демилге тууралуу пикирин Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев Kaktus.media сайтына билдирди.

Анын айтымында, жайкысын Ысык-Көлдөгү дачаны бир туугандары пайдаланат.

"Дача кимдин көзүн күйгүзүп жатат билбейм. 2013-жылы мамлекеттик резиденцияда жеке менчик үйлөр болушу мүмкүн эмес деген мыйзам кабыл алынган, ошондо апам тирүү болчу. Ошондо мен Алмазбек Атамбаевге барып, дачаны эмне кылуу керектигин сурагам. ВАл дачалар жеке менчикте кала берерин, анткени объекттер мыйзамдын негизинде берилгенин жана мыйзамдын артка карай күчү жок экенин айткан. Эгер маселе курчуп кетсе, мамлекет дачаларды базар баасында сатып алса болорун кошумчалаган, - деди Масалиев.

Ал белгилегендей, объектти Масалиевдер мыйзамсыз ээлеп алган учурда гана улутташтыруу тууралуу сөз кылса болот.

"Бул жерде эч кандай көйгөй жок. Бирок Масалиевдер мыйзамды кыпындай да бузган эмес", - деп белгиледи депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8065