Россиядагы жол кырсыгы. Ооруканада жаткан мекедештердин абалы айтылды
RU

Россиядагы жол кырсыгы. Ооруканада жаткан мекедештердин абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында жабыркаган кыргыз жарандарына 300 миң сомдон берилди. Бул туурасында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен маалымдашат.

Белгилүү болгондой, 25-августта элчи Гүлнара Клара Самат жана Ульяновск облусунун губернатору жол кырсыгында жабыркаган кыргыздарды көрүү үчүн Чучкалов атындагы Ульяновск облустук клиникалык борборго барышты.

Анда бейтаптарды караган жооптуу дарыгерлер дарылоонун жүрүшү тууралуу, алардын абалында жакшы жылыштар бар экенин билдиришти. Бейтаптардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти. Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине Садыр Жапаровдун фондунан бөлүнгөн 300 миң сом акчаны тапшырды.

Элчиликтен каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилгенин белгилешти.

Эске салсак, ири жол кырсыгында жалпы 16 адам каза таап, анын 14ү Кыргызстандын жараны экени такталган. Ушул эле кырсыкта дагы 3 жердешибиз жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8089