УКМК Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экенин тастыктады
RU

УКМК Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экенин тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбековдун диплому жасалма деген маалымат интернетке жарыяланды. Анда Момбеков 2003-жылдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун пайдаланганы айтылат.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы депутат жасалма диплом менен Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырып, "Эл аралык мамиле" багыты боюнча окуусун аяктаган. Бирок Кыргыз улуттук университетинен 2003-жылы Рыскелди Момбековдун наамына диплом берилбегени аныкталган. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалыматты тастыкташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8099