Кыргыз-казак айтышында Жеңишбек Жумакадыр менен Айтпай Жумагуловго кош байгеге ээ болушту
RU

Кыргыз-казак айтышында Жеңишбек Жумакадыр менен Айтпай Жумагуловго кош байгеге ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-августта Бишкекте эл аралык кыргыз-казак айтышынын финалы болуп өттү. Анда баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылды. Эки төкмө акынга 350 миң сом өлчөмүндө кош байге тапшырылды.

Ал эми 1-орунду кыргыз акыны Баян Акматов жана казак акыны Данияр Алдаберген алып, 200 миң сом кош байгеге ээ болду.

2-орунду кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Аспанбек Шугатаев ээлеп 125 сом кош байгеге татыды.

3-орунга кыргыз акыны Асылбек Маратов жана казак акыны Алтынбек Ибрагимов татып, 100 миң сом кош байгенин ээси болушту.

Мындан тышкары айтышка катышкан башка акындарга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, эл аралык айтыш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата уюштурулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8157