"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражасы кимдерге ыйгарылды? Тизме
RU

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражасы кимдерге ыйгарылды? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда ар тармактын мыктылары ардак наамдар менен сыйланышты. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражасы төмөнкү инсандарга ыйгарылды.

Мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов сыйланды.

Ушундай эле жогорку даражадагы наам мамлекеттик ишмер Медетхан Шеримкуловго ыйгарылды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге да жогорку даражадагы наам тапшырылды.

Кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге жана советтик мамлекеттик, партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге каза болгондон кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражалары ыйгарылды.

Социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар инсандарды сыйлоо жарлыгына Садыр Жапаров кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8161