"Манас", "Даңк" ордендери менен сыйланган белгилүүлөр
RU

"Манас", "Даңк" ордендери менен сыйланган белгилүүлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар инсандарды сыйлоо жарлыгына кол койду. Ага ылайык:

III даражадагы "Манас" ордени менен:

Курмангазы Азыкбаев - композитор, музыкант, "Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Кыргызбай Осмонов - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору сыйланды.

"Даңк" ордени:

Каныкей Эралиева - ырчы, композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсүнө ыйгарылды.

"Даңк" төш белгиси менен:

Гүлнара Сыдыкбекова - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти сыйланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8163