Токтайым Үмөталиева, Элмурза Сатыбалдиев, Идрис Кадыркулов төш белгилер менен сыйланышты
RU

Токтайым Үмөталиева, Элмурза Сатыбалдиев, Идрис Кадыркулов төш белгилер менен сыйланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата президент Садыр Жапаров ар тармактын мыктыларын сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Сыйлык алгандардын арасында учурдагы жана мурдагы саясатчылар да бар.

"Эрдик" медалы менен:

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов сыйланды.

"Даңк" медалы менен:

Эльмурза Сатыбалдиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Токтайым Үмөталиева - коомдук ишмер сыйланышты.

Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8167