Бегимай Турусбекова тартылган "Привет, Андрей" берүүсү бүгүн көрсөтүлөт
RU

Бегимай Турусбекова тартылган "Привет, Андрей" берүүсү бүгүн көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет жылдызы Бегимай Турусбекова буга чейин "Привет, Андрей" берүүсүнө тартылганы эсиңиздеби? Ошол берүү бүгүн, 4-сентябрда көрсөтүлөт. Бул туурасында Бегимай Турусбекова өзү билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган берүү саат 21:00дө "Россия-1" (РТР) каналынан чагылдырылат.

Эске салсак, Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдагандан кийин Бегимай Турусбекованы Москва шаарына чакырышкан. Бегимай айым алгач берүүгө тартылуудан баш тартканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8171