"Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болду
RU

"Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашовго ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Ниязбек Айбашевдин маданият жаатына кошуп жаткан салымын жана өнөр адамдарына шык берип, аларды колдоого алып жатышы өзгөчө алкоого арзый турганын белгилеген.

Ниязбек Айбашев Кыргыз Республикасынын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында 2014- жылдан бери "Алтын комуз" байгесин негиздеп, "Ак тандай" коомдук фондунун жетекчиси, Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти Абдибали Акимбеков менен бирге иштеп келет.

2015-жылы "Алтын комуз" байгеси биринчи жолу жолу коюлуп, жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматтула Козукеев болгон. Экинчи "Алтын комузду" 2021- жылы Баян Акматов уткан. Ал эми 2022-жылы үчүнчү алтын комузду ак тандайлардын айтышында Жылдызбек Төрөканов жеңген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8178