Камчыбек Ташиевге "Баатыр" наамы эмнеге берилди? Президенттин жообу
RU

Камчыбек Ташиевге "Баатыр" наамы эмнеге берилди? Президенттин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыйгарылган "Баатыр" наамы боюнча түшүндүрмө берди.

Өлкө башчынын айтымында, "өзүн баатыр атагандар өлкө үчүн кыйын мезгилде окуя болгон жерге бармак тургай көлөкөсү да көрүнгөн эмес" деп билдирди. Бирок өз жанын аябастан, эки элдин башын бириктирип, кан төгүүнү токтоткондор да болгонун белгиледи.

"Андай адамдардын арасында УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев да болду. Мен Ташиевдин ал жерде болгонун өз көзүм менен көрдүм, бул фактыны эч ким талаша албайт. Бүгүнкү күндө ал укук коргоо органдарында чоң реформаларды жүргүзүп, чек араларды иретке келтирип жатат, муну байкабай коюуга болбойт", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен курман болгондор жана жаракат алгандар болгон. Өз аймагындагы кан төгүүнү токтотууга аракет кылгандардын арасында Ташиевдин да аты аталып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8180