Екатеринбургда апасы сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга жөнөтүлөт
RU

Екатеринбургда апасы сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга жөнөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Екатеринбург шаарында апасы 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу баланын өгөй атасы орус басылмаларынын бирине билдирген.

Маалыматка караганда, учурда камкордук жана көзөмөл органдарына керектүү документтерди чогултуу уланууда. Ал эми 7 жаштагы балага үй-бүлө тандоо маселеси Кыргызстанда чечилет. Азыр ал Уралдагы балдар үйлөрүнүн биринде.

"Камкордук маселеси Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечилиши керек экен. Баланын бул жерде эч кандай тууганы жок. Андыктан ал Кыргызстанга жөнөтүлөт. Ал жактан чоң энеси баш тартса, мен аны өзүмө алам. Жакын арада мага бала менен жолугууга уруксат беришет",- деген өгөй ата.

Белгилей кетсек, кыргыз жараны 7 жаштагы уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Ал уулун сатуу учурунда укук коргоочулар тарабынан кармалганы маалымдалган. Баланын апасы 2 айга камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8202