Муфтият: Аялдарды сүннөткө отургузууга өкүм берилген эмес
RU

Муфтият: Аялдарды сүннөткө отургузууга өкүм берилген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн экени айтылды. Бул туурасында экс-депутат Феликс Кулов айтып, бийликтин көңүл буруусун суранган.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан аялдарды сүннөткө отургузууга уруксат берилбегенин айтышат.

"Ханафий мазхабы боюнча эркек баланы сүннөткө отургузганга өкүм берилген. Бирок сыяктуу аялдарга мындай өкүм жок", - дешти.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузуу боюнча мыйзамдуу документтер жок экенин, мындай операцияларга тыюу салынганын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8217