Мектеп формасын кийбеген окуучуга чара колдонулабы? Министрлик маалымдайт
RU

Мектеп формасын кийбеген окуучуга чара колдонулабы? Министрлик маалымдайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким (мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер) билим алуу укугунан ажырата албастыгын жана ар кандай жаза берүүчү иш-аракеттердин жасалышына тыюу салына тургандыгын билдирет.

Өкмөттүн мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Демек, буга чейин белгиленген кийимдин классикалык стилине болгон талап күчүндө калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8225