Депутат: Кичинекей армияны көзөмөлдөй албаган коргоо министри кетиши керек
RU

Депутат: Кичинекей армияны көзөмөлдөй албаган коргоо министри кетиши керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев коргоо министри Бактыбек Бекболотовду кызматтан алууну сунуштады. Ал июль, август айларында апта сайын жоокерлердин өлүмү катталганын, алар өз өмүрүнө кол салганын айтты.

"Кичинекей армияны көзөмөлдөй албаган коргоо министри кетиши керек. Ал ар бир аскердин өлүмүнө керт башы менен жооп бериши керек. Өткөндө "аскерге даярдыгы жок келип, ушундай трагедия болуп жатат" деп айтыптыр. Мен анын жообун түшүнгөн жокмун. Биздин балдар армияга бир нерсе үйрөтөт деп барышат да. Министр реформа жүргүзгөн жок, курсанттарды коргой албай жатат, отставкага кетсин", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8249