Ысык-Көлдө суу жээктен жансыз денеси табылган аялдын ким экени аныкталды
RU

Ысык-Көлдө суу жээктен жансыз денеси табылган аялдын ким экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы суу жээктен аял кишинин жансыз денеси табылып, анын жакындары изделип жаткан. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургундар табышкан.

Маалым болгондой, 6-сентябрда Кең-Сай айылында суу жээктен болжол менен 20-30 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Жети-Өгүз районунун 41 жаштагы С.Э. аттуу тургуну экени такталды.

Маркумду жакындары таанып, сөөгүн туулган айылына алып кетишти дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8252