Өлүм жазасы тууралуу: Кайсы жана кандай өлкөлөр колдонот. Тизме
RU

Өлүм жазасы тууралуу: Кайсы жана кандай өлкөлөр колдонот. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда акыркы учурда зордук-зомбулук, жада калса адам өлтүрүү учурлары көбөйүп резонанс жаралууда. Айрыкча Баткендеги кыздын зордукталып, анан өлтүрүлүшү коомду дүрбөлөңгө салды.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында бир канча депутат мындай кылмышка баргандар үчүн өлүм жазасын киргизүү керек деген оюн айтты. Ал эми айрымдары биздин өлкөдөгү соттун ишин төмөн баалап, бул жазадан бардар адамдар баары бир кутулуп, баягы эле карапайып калк курмандыкка айланарын айтып каршы чыгышты.

Чындыгында өлүм жазасын кайсы жана кандай өлкөлөр колодонорун карап көрдүк.

Өлүм жазасы дүйнөдөгү эң талаштуу темалардын бири. Бул маселе эл аралык жыйындарда да үзгүлтүксүз талкууланып келет. Жыл өткөн сайын көп өлкөлөр бул жазадан баш тартууда. Ошентсе дагы 2022-жылга карата 53 штат дагы дэле өлүм жазасын колдонуп келет. Бирок, бул жаза чарасы бардык адам укуктарына жана эл аралык мыйзамдарга таптакыр карама-каршы келген учурлар да аз эмес.

2022-жылга карата дагы деле өлүм жазасы бар өлкөлөрдүн тизмеси

Өлкөлөрдүн аталышыАкыркы өлүм жазасы аткарылган жыл
1Афганистан2018
2Антигуа и Барбуда1991
3Багамы2000
4Бангладеш2020
5Барбадос1984
6Бахрейн2019
7Беларусь2019
8Белиз1985
9Ботсвана2021
10Вьетнам2020
11Гайана1997
12Конго Демократиялык Республикасы2003
13Доминика1986
14Египет2021
15Зимбабве2005
16Индия2020
17Индонезия2016
18Иордания2017
19Ирак2021
20Иран2021
21Йемен2020
22Катар2020
23Кытай2021
24Комор аралдары1997
25Куба2003
26Кувейт2017
27Лесото1995
28Ливия2010
29Малайзия2017
30Нигерия2016
31Бириккен Араб Эмираттары2017
32Оман2020
33Пакистан2019
34Палестина2017
35Сауд Арабия2021
36Тундук корея2021
37Сент-Китс и Невис2008
38Сент-Винсент и Гренадины1995
39Сент-Люсия1995
40Сингапур2019
41Америка Кошмо Штаттары2021
42Сомали2020
43Сирия2020
44Судан2021
45Таиланд2018
46Тайвань2020
47Тринидад и Тобаго1999
48Уганда2005
49Экватордук Гвинея2014
50Эфиопия2007
51Түштүк Судан2020
52Ямайка1988
53Япония2019

Кандай кылмыштары үчүн адам өлүм жазасына тартылат

Өлүм жазасы ар бир өлкөнүн мыйзамдарына жараша өзгөрүп турат. Бирок, алардын баарында окшош аракеттердин тизмеси бар.

Көбүнчө кандай кылмыштарга өлүм жазасы берилет

  • киши өлтүрүү;
  • массалык өлтүрүү;
  • зордуктоонун оор учурлары (көбүнчө балдарды зордуктоодо);
  • сексуалдык зомбулук;
  • терроризм;
  • учакты басып алуу;
  • согуш кылмыштары;
  • адамзатка каршы кылмыштар жана геноцид;
  • бийликти кулатууга аракет кылуу, чыккынчылык, тыңчылык сыяктуу мамлекетке каршы кылмыштар;
  • каракчылык;
  • уурдоо;
  • баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо.

Өлүм жазасы кантип аткарылат?

  • дарга асуу;
  • башын алуу;
  • атып салуу;
  • өлүмгө алып келүүчү инъекция;
  • таш бараңга алуу;
  • электр шок жана газ менен дем алуу;
  • инерттүү газ менен асфиксия.

Айрым маалыматтарда өлүм жазасын дагы деле колдонгон өлкөлөрдүн тизмесинде эң жакыр жана өнүкпөгөн өлкөлөр басымдуулук кылат, алардын басымдуу бөлүгү мусулман өлкөрү экени айтылат.

Мындай маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу Эл аралык Amnesty International коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылат.

Биздин өлкөдө өлүм жазасы болсо адилеттүү иштерине ишенесизби?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8256