"Айкөл" тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыр музыкалык окуу жайга директор болду
RU

"Айкөл" тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыр музыкалык окуу жайга директор болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Мураталы Күреңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына Советжан Асанкадыр директор болуп дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Азамат Жаманкулов тааныштырды. Советжан Асанкадыр "Айкөл" фольклордук-эстрадалык тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тентимиш Мураталиев 36 жыл эмгектенген. Тентимиш Мураталиев мындан ары аталган мектепте мугалимдик кесипти аркаламакчы.

Ал эми Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернаттын директору кызматына Разия Сырдыбаева дайындалды. Ал филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ошондой эле ал "Устатшакирт" коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү.

Белгилей кетсек, аталган окуу жайды 2011-жылдан 2022-жылга чейин Исиради Аманбаев жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8259