Жалал-Абадда мыйзамсыз өндүрүлгөн ичимдиктерди соода түйүндөрүнө өткөргөндөр аныкталды
RU

Жалал-Абадда мыйзамсыз өндүрүлгөн ичимдиктерди соода түйүндөрүнө өткөргөндөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды. Бул факты боюнча 240-беренеге (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) ылайык кылмыш иши козголду дкшкт УКМКнын басма сөз кызматынан.

Комитеттин маалыматында 7-сентябрда Жалал-Абад шаарында колго жасалган алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы аныкталып, шектүүлөр кармалганы айтылат.

Үч дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн акча каражаттары, ар кандай фильтрлөөчү шаймандар табылган. Сатуу иштери Жалал-Абад облусунун аймагындагы дүң соода түйүндөрүндө, салтанаттуу мааракелерди жана иш-чараларды өткөрүүчү коомдук тамактануучу жайларында жүргүзүлгөнү аныкталды.

Ошол эле учурда контрафакттык продукция калктын ден соолугуна потенциалдуу зыян келтирүүдө, анткени, продукциялар сапатсыз, каттоодон жана текшерүүдөн өткөн эмес. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8273