Жалал-Абадда эркек кишинин жансыз денеси төшөккө оролгон абалда табылды
RU

Жалал-Абадда эркек кишинин жансыз денеси төшөккө оролгон абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда эркек кишинин сөөгү төшөккө оролгон абалда табылды. Маркумдун өлүмүнүн себеби такталып жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 5-сентябрда саат 18:40 чамасында милицияга кабар түшкөн. Анда Көк-Арт кичи шаарчасындагы кароосуз турган унаа жуучуу жайдын артында белгисиз адамдын сөөгү төшөктө оролгон абалда жатканы маалымдалган.

Жерине Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте барышкан. Жансыз денени сырттан кароо учурунда кандайдыр бир тактар, издер болгон эмес. Маркумдун аты-жөнү белгисиз, анын сөөгү өлүкканага жеткирилип, дене жаракаттарын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8275