Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты
RU

Унаасынан граната табылган Илгиз Шаменов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаасынан граната табылган ишкер Илгиз Шаменов Кыргызстандан чыгып кетти. Бул туурасында ал Facebook баракчасына жарыялап, мындай кадамга барууга аргасыз болгонун айтты.

"Тез арада Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Себеби өмүрүмө, ден соолугума, эркиндигиме коркунучтар пайда болду, булардын куугунтугунун айынан төрөлө элек курсактагы наристебиз (6 ай) чарчап калды. 1 айдан бери жеке күзөтчү сурап ала албай койдум, такыр көңүл бурушкан жок. Москвадан жеке иштеримди бүтүрүп, дарыланам, кант диабетим дагы көтөрүлүп кетти, кайра 10-14 күндүн аралыгында кайтып келем", - деди ал.

Илгиз Шаменов кайра кайтып келгенде азыркы болуп жаткан саясий куугунтукту, коркутууларды айтып берерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8280