Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды
RU

Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин министрдин милдетин аткаруучу кызматын аткарып келген Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болду.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Гүлнара Баатырова мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды.

Гүлнара Баатырова 59 жашта. Ал Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында, Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада иштеген. Ортодо башка дагы кызматтарда иштеп, кийин Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8296