Министрлик бир катар эл артисттерин сыйлады
RU

Министрлик бир катар эл артисттерин сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир катар өнөр ээлери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ыраазычылык алышты. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, атайын сыйлыктар салттуу музыкалык искусствону сактоого жана өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Комуз күнүн түзүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Амановага жана кыргыздын салттуу музыкасын эл аралык деңгээлде таанытууга, жайылтууга, Түрк тилдүү элдердин музыкалык искусствосун, бий өнөрүн изилдөө тобунун (ICTM) төрагасы, Стамбул университетинин профессору Абдуллах Акатка министрликтин ыраазычылык каты тапшырылды.

Ошондой эле комуз өнөрүн аздектеген СССРдин эл артисти, Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев, Табылды Актанов жана Рахат Көчөрбаевге атайын сыйлыктар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8312